• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Касмамбетов: Президенттин жарлыгында союла турган малдын саны жазылган эмес

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгында союла турган малдын саны так жазылган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектеги тегерек столдо билдирди.

Касмамбетов жарлыкта бир дагы тыюу жок экенин белгилейт.

“Мынча мал союлсун деген көрсөтмө дагы жок. Президент ысырапкорчулукту, жөнү жок бой көтөргөндү токтоткула деп жатат. Өзүңөрдүн иш-аракетиңер менен жоро-жолдошторуңарга басым көргөзүп жатасыңар. Ошондой эле жөнү жок атаандаштык пайда болууда. Балдары атасынын ашын өткөрөм деп Россияга бир жылдап иштеп же насыя алып жатат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 24-февралда “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын максаты - Кыргызстандын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо эсептелет.

“Калк маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Ал тургай мындай шаан-шөкөттүү салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол берилип жатат. Мунун бардыгы өзүмчүлдүктү, адепсиздикти, өзүм билемдикти камтыган бөтөн жана бузуку идеялардын жана баалуулуктардын системасынын коомго жайылышына алып келет”, - деп жазылган жарлыкта.

Мындан сырткары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий