• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө кайрадан эң жогорку чекке жетти

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен кечээ электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түздү. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы эки күндөн бери кечки сааттарда энергосистема болгон кубаттуулукта ишин алып барууда. Бул көрүнүш жылытуу мезгилинде өтө кооптуу деп эсептелет.

Белгиленгендей, керектөөнүн өсүшүнүн уланышы негизги жабдуулардын ашыкча жүктөлүшүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен бирге Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышынын дагы эң жогорку көрсөткүчү белгиленди.

Күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө. Учурдагы 10,6 млрд куб метр деңгээлде суу ресурстарынын бардык көлөмү азайып, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг абоненттерди кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылытуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирээт өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий