• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экс-депутат: Бишкек ЖЭБдеги кырсык – мамлекеттин кубатын, тышкы саясатта президенттин ордун көрсөттү

Коом 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өскөнбай Жээнбаев Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жана учурдагы коомдук-саясий абал боюнча пикирин билдирди.

— Сиз коомдук жана саясий кырдаалга байланыштуу пикир айтып келесиз. Учурда Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча маселе талкууланып жатат, ушул тууралуу оюңузду уккум келди...

— Азыр билбеген темага деле аралашып, пикирин айткан эксперттер көбөйүп кетпедиби. Андыктан мен ЖЭБдеги кырсыктын себептерин эмес, ЖЭБдеги окуяга элдин реакциясы, бийликтин аракеттери тууралуу байкаганымды айтып берейин.

— Эмнелерди байкадыңыз?

— Мамлекеттин кубатын, элдин ой-жүгүртүү деңгээлинин өскөнүн жана кошуна мамлекет башчыларынын Кыргызстанга сый-урматын. Эми майдалап түшүндүрүп берейин.

Бишкек ЖЭБде кырсык болору менен президент жеринен көрүп кабар алып, тапшырмаларды берди. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда өкмөт тиешелүү кызматтарды координациялап, жумуштун ырааттуу жүрүшүн уюштурду. Жаңы алынган техникалардын пайдасын көрдүк. Тез арада тазалап, кайра калыбына келтирүүнү тездетүүгө салым кошту. Натыйжада абалдан кыска убакытта чыгып кеттик. Бул мамлекеттин кубаттуу болуп калганынын далили.

2018-жылы ЖЭБде авария болгондо координация жок, маалымат жабык, мамлекет эмне кыларын билбей алдастап калган. Бишкектеги элди сууктан сактап калуу максатында шаардын айрым жерлеринде чатырлар тигилип, ичине жылыткыч коюлгандан тышкары көзгө көрүнөрлүк иш жүргөн эмес.

Бул жолку кырсыкта уюштуруу иштери ыкчам болду. Эл дагы бийликтин аракеттерин колдоп, убактылуу кыйынчылыкты туура түшүнүү, сабырдуулук кылуу менен мамиле жасады. Бул элдин аң сезими, ой жүгүртүү деңгээлинин өсүп жатканынын белгиси. Кырсык экен, айтып келбейт тура. Күтүүсүз абал өнүккөн Японияда деле болуп жатпайбы.

— Кыргызстанга башка мамлекеттердин мамилеси тууралуу белгиледиңиз эле.

— Ооба, Бишкектеги кырсыкка байланыштуу орустар, өзбектер, казактар жана түркмөндөр дароо тынсызданып жатканын билдиришти. Өзбек менен түркмөндөр гуманитардык жардам катары газ түрүндө жардамдарын жөнөтүштү. Казактар электр энергиясын, орустар кошумча жардам жиберүү ниетин сунуштады. Дос жана кошуна өлкөлөр бизге тагдырлаш, бир боор, тилектеш экенин көрсөтүштү. Бул Кыргызстандын тышкы саясатынын деңгээли, кадыр-баркынын жогоруу экенинин далили. Кошуна өлкөлөрдүн жетекчилеринин арасындагы – биздин президентке болгон сый-урматтын көрсөткүчү деп айтар элем. Бишкек ЖЭБдеги кырсыкта мен ушуларды байкадым.

Пикир

Оставить комментарий