• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы бажы тармагында 6 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган – МБК

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылга карата укук коргоо ишинин жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жасалаган баяндамаларда 2024-жылдын 12 айында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы 6243 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөнү айтылды.

Анын ичинен 3 миң 547 кылмыш иши козголуп, аларды кароонун жыйынтыгы боюнча

- 45,3 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлгөн
- 369,5 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 265 материал берилип, алар боюнча 346,4 млн сом суумасында келтирилген зыяндын орду толтурулган.

Бюджеттин кошумча кирешелеринин көлөмү 761,3 млн сомду түзүп, 2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу көрсөткүч 171,8 млн сомго көбөйгөн.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселеси боюнча, 2023-жылдын 12 айында бажы кызматкерлери КР укук коргоо органдарынын көмөктөшүүсү менен баңги кылмыштарынын 41 фактысы аныкташкан. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 881 грамм марихуана, 26 кг 556 грамм гашиш, 31 кг 206 грамм апийим, 6000 кг мак саманы алынган. Мындан тышкары, психотроптук заттар, прекурсорлор, зыяндуу калдыктар аныкталып, алынган.

Оперативдик кеңешменин жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо органдарынын 2023-жылга карата иши оң деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий