• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Патенттин мөөнөтү июлга чейин узартылды. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен айрым учурларда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документи каралган.

Мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.

Соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес болбой турган мөөнөт – 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат.

Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий