• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУга мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларустун милдеттенмелери жөнүндө меморандум ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2023-жылдын 4-июлундагы жыйналышынын жыйынтыгында кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий