• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Сауд өнүктүрүү фондунун директорун кабыл алды. Талкууланган маселелер

Президент 0


Бишкек. 24.04.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Биргелешкен долбоорлор жана мындан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Фонд менен кызматташуунун бардык багыттарын кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, ар кыл тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн маанилүү эки долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге бүгүн кол коюлганын баса белгиледи: Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» турак-жай программасы жана Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо. Өлкөнүн Министрлер Кабинетине бул долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу милдети коюлган, анткени алар анын жеке көзөмөлүндө турат.

Президент кол коюлган келишим боюнча Фонддун 100 млн доллар өлчөмүндөгү каражаты өлкөнүн калкы үчүн жеткиликтүү турак-жайларды курууга багыттала турганын баса белгиледи. Бул Фонддун өлкөнүн социалдык программасына кошкон чоң салымы. Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири калкты турак-жай менен камсыз кылуу болуп саналат. Жалпысынан 2026-жылга чейин “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруу алкагында 50 миңден ашык жаранды турак-жай менен камсыз кылуу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирип, көптөн бери токтоп турган башка биргелешкен долбоорлор жыл аягына чейин ишке кирерин белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы өлкөдөгү ГЭСтерди куруу жана реконструкциялоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун келечек пландарына өзгөчө көңүл бурду. Мындан улам Садыр Жапаров Фонддун жетекчисине гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Президент Султан Абдурахман Аль-Маршадга Сауд өнүктүрүү фондунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад жылуу кабыл алуу жана сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, акыркы эки жылда тараптар Кыргызстанда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жетишкен.

Султан Абдурахман Аль-Маршад ошондой эле бул мезгил аралыгында Фонд менен Кыргызстандын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн жана алар бул багыттагы жемиштүү иштерди улантууга даяр экенин канааттануу менен баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий