• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар – Страчко

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүнАгроТех Экспо-2018” ири көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Өз сөзүндө Беларустун КРдагы элчиси Андрей Страчко Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүүдөгү потенциалын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын жетекчилиги айыл чарбанын өнүгүшүнө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң маани берет.

“Кыргызстанда өзүнүн жогорку сапаттагы айыл чарба өндүрүшүн чоңойтууга жана анын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө эле эмес, башка мамлекеттерге дагы чыгышына бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул үчүн Кыргызстанга техника керек. Биздин белорус-кыргыз кызматташтыгыбыз кыргыз дыйкандарынын белорус техникасына кызыгуусун көрсөтүп жатат, бул биз үчүн аябай жагымдуу”, - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий