• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматова: Элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө аял-депутаттардын ролу зор

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. КР Президентинин Жарлыгы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланды. Өтө мыкты демилге болду. Анткени, аялдардын катышуусусуз жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. Кыргызстандын айылдык кеӊештеринин 86 пайызында аял-депутаттар жок. Бул тууралуу Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти Розетта Айтматова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүүдө айылдык кеӊештердин, анын ичинде элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жаатында аял-депутаттардын ролу зор. Айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны 10 пайыздан ашпайт. Ошондуктан, мыйзам кабыл алып, алардын санын бери дегенде 30 пайызга чейин жеткирүү зарыл. Жогорку Кеӊеш биздин өтүнүчүбүздү эске алуу менен, мыйзамды тездетип кабыл алып берет деген ишеничте турабыз. Ал аялдарга арнаган эӊ сонун белек болор эле», - дейт Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти.

Пикир

Оставить комментарий