• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК депутаты чек ара аймагындагы тургундарды аскердик жыйындан өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө», «КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Документке ылайык, соңку жылдары чек ара чыр-чатактары токтобой, өзгөчө Тажикстан тараптан жасалган ачык агрессия, куралдуу кол салуулар аскерлерибизди жана чек аралаш айылдарда жашаган жай тургундардын өмүрүн алууда. Мындай каргашалуу окуялардан кийин бийлик бутактарына, анын ичинде эл өкүлдөрүнө жергиликтүү тургундар бир нече ирет кайрылып, аларга тиешелүү талаптарды сактоо менен ок атуучу курал берүү талабын коюп келишет.

Жергиликтүү тургундар мындай демилге чек араны чалгындоодо жана сырттан куралдуу кол салуу болгон учурда курал-жарак колдоно билген жарандарыбыз чек арачыларга эч кандай көмөк көрсөтө албай, курал-жарактын жоктугунан ондогон жай тургундар набыт болуп жатышканын айтышат. Алардын айтымында жергиликтүү тургундар чек аралаш айылдардагы тоо-кыркаларды, географиясын жана кооптуу делген жайларды жакшы билишет. Экинчиден бул мыйзам кабыл алынса, мамлекет жүздөгөн жарандарга айлык акы төлөөгө милдеттендирилет жана бул кадам миграциялык агымды азайтууга, жергиликтүү элдин бир бөлүгүн иш менен камсыз кылууга, чек аралаш айылдарда элди кармоого мүмкүнчүлүк түзөт жана жарандарыбызга дем берет.

Чек ара сакчылары аскерлерибизге көмөктөшүп, эл, жерди коргоо менен бирге инфраструктураны, социалдык объекттерди сактап калууга чоң жардам берет. Чек ара сакчысына бөлүнгөн каражат улам талкаланган турак-жайларды тургузууга караганда бир нече эсе аз болот. Мисалы 2021-жылдын апрель айындагы кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган инфраструктура жана жарандардын турак жайларын калыбына келтирүүгө миллиарддаган каражат сарпталган. 2022-жылдын 15-18-сентябрь күндөрү болгон кыргыз-тажик чек арасында талкаланып, өрттөлгөн турак-жайларды жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө эң аз дегенде 1,5 миллиард сомдон ашык каражат кетери белгилүү болду. Бул сандар дагы бир топко өсүүсү мүмкүн.

Улам сырттан кол салуу болгондо жүз миңдеген жарандар эвакуацияланып жатат. Сурамжылоого карасак ошол көчүрүлгөн жарандардын ар бир төртүнчүсү кайра өз үйүнө баргысы келбейт. Акыркы жылдары Баткен облусундагы чек арага жакын жашаган тургундардын ири шаарларга жер которуп көчүп кетүүсү ачык байкалат. Эгер ушул темп менен кетсе жакынкы жылдары чек арада тургундарды кармап калуу көйгөйү актуалдуу болот. Ансыз да кыргыз-тажик чек ара аймактарында элдин жайгашуу жыштыгы бизде эки эсе аз. Биздин чек ара айылдарындагы эл массалык жер которууга аргасыз болсо ал жерлерде аскерлердин санын көбөйтүү зарылчылдыгы жаралат. Тилекке каршы бул бюджеттен өз кезегинде миллиарддаган каражаттарды талап кылат. Ошондуктан бул жаатта мамлекеттик саясатты күчөтүп, чек ара сакчыларын атайын каражаттар менен камсыздап, курал колдонууга уруксат берүү демилгеси сунушталып жатат.

Баткен облусундагы соңку окуяларда биздин аймакка кирип келип, бүлүк салгандардын видео-фото кадрларында коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери менен бирге курал кармаган террордук уюмдардын согушкерлерин да көрүүгө болот.

Сунушталып жаткан долбоор Кыргызстандын Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарына тиелешүү болот. Ошондой эле чек ара сакчысын курал-жарак колдонууга жөндөмдүүлүгүн, психикалык жана наркологиялык кароодон өткөрүү тартибин КР Министрлер кабинети тарабынан аныкталган укуктук-ченемдик актыларга жараша уюштурулат. Мыйзам долбооруна ылайык чек ара сакчысына курал сактоого уруксат берилет жана аны колдонуу тартиби да КР Министрлер кабинетинин укуктук-ченемдик актыларына жараша жүргүзүлөт. Чек ара сакчысы жылына эки жолудан аз эмес окуудан жана аскердик даярдыктан өтүп турат.

Мамлекеттик чек арадагы чыр-чатактардын күчөшү аскер кызматчыларынын курамынын санын көбөйтүү зарылчылдыгын жаратып жатат. Бирок аскер кызматчыларынын санын көбөйтүү каржы маселесине такалат. Мисалы бир аскер кызматчысын күтүү кээ бир чыгымдарды кошпогондо жылына 427, 297,2, 279,5 миң сом талап кылат. Ал эми чек ара сакчысына жумшалган каражат аскер кызматкерине кеткен чыгымдан бир топ аз. Мисалга алсак бир чек ара сакчысына акы катары бир айга 14 миң сом каралса, бир жылда 168 миң сомду түзөт. Мындан сырткары, рыноктун шартында бир чек ара сакчысын атайын каражаттар жана курал менен камсыз кылууга 150 миң сом тегерегинде керектелет. Бул жыл сайын эмес бир жолу сатылып алынуучу гана каражаттар болуп эсептелет.

Мыйзам долбоорунда чек ара сакчыларынын өмүрүнө жана саламаттыгына кепилдик берген нормалар камтылды.

Мындан сырткары, бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине кирген аймактарда акыркы 5 жылдан кем эмес мөөнөттө жашаган жарандар республикалык бюджеттин кирешесине акчалай салым төлөбөстөн отуз күндүк аскер жыйындарынан акысыз өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен, жогоруда аталган аймактарда жашаган жарандарга материалдык жактан жеӊилдиктер түзүлөт, алардын аскерге болгон кызыгуусу артат жана 30 күндүк аскер жыйындарынан өтүп, даярдык менен келген жарандарды чек ара сакчысы катары алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Пикир

Оставить комментарий