• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Кан жетиштүү көлөмдө чогулуп, резервге алынууда

Ден соолук 0

Бишкек, 23.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги кан борборунда 1200дөн ашык жаран кан тапшырышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун башкы адиси Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, Баткенге кандын компоненттери жөнөтүлдү.

“Канга болгон биринчи муктаждык канааттандырылды. Мындан аркы кан тапшыруу резерге багытталат. Мындан сырткары, Баткенге эритроциттик масса, жаңы тоңдурулган плазма, медициналык керектүү материалдар, тест системалар, реагенттер жөнөтүлдү”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий