• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков “Атаандаш ишкана” долбоорунун ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) “Атаандаш ишкана” долбоорунун ачылышына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Беш жылга ылайыкташтырылган долбоордун максаты: чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, экономиканын инклюзивдүү өсүшү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү жана сатуунун көлөмүн көбөйтүү. Натыйжада атаандаштык жогорулап, инвестиция тартууга шарт түзүлөт жана жаштар менен аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат.

Долбоорго ийгиликтерди каалаган Төрага Дастанбек Жумабеков чакан жана орто бизнести колдоо жаңы жумушчу орундарын гана түзүүгө өбөлгө болбостон, жалпы экономикалык көрсөткүчкө да таасир этип, ата-мекендик өндүрүштүн эл аралык деңгээлге чыгышына көмөкчү болорун белгиледи.

Долбоорго өнүгүү мүмкүнчүлүгү жогору деп каралган айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм жана маалымат технологиялары тармактары кирет. Муну менен катар кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлүп, атаандаштыкты жогорулатуу, экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана инвестиция тартуу жаатында керектүү иштер аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий