• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто жарым жыл мурда бөтөлкөлөшүн өлтүргөн адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Токмок шаарынын милиция кызматкерлери чыр-чатак учурунда бөтөлкөлөшүн өлтүргөнгө шектүү адамды кармашкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 2018-жылдын 7-апрелинде болгон.

Тергөөчүлөрдүн айтуусуна караганда, милициянын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маркумдун өздүгү такталган, ал 2018-жылдын апрель айынан бери дайынсыз жоголду делген 37 жаштагы Л.В. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан.

13-сентябрда Чүй районунун айылдарынын биринин тургуну 28 жаштагы К.Ж., кармалган. Шектүү Токмок шаарынын ИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөөчүлөрдүн алдын ала берген маалыматына ылайык, чыр маркум менен шектүү мас болгон учурда чыккан. Азыркы учурда жасалган кылмыштын чоо-жайы такталууда.

Аталган факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий