• 88.68
  • 95
  • 0.95

Самаркандда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.22./Кабар/. Өзбекстандын Самарканд шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн парламент жетекчилери жолугушуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян жана Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова катышты.

Тараптар ЕАЭБ алкагындагы айрым маселелер боюнча баарлашып, анын ичинен Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын эрдигин даңазалоо максатында "Эскерүү поезди" долбоорун биргелешип өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү.

Эскерте кетсек, аталган долбоор менен Улуу Ата Мекендик согуш жүргөн аймактар боюнча каттамдар белгиленип, ал аркылуу биримдикке кирген өлкөлөрдүн жаштарына майдандагы эрдиктер жана урунттуу окуялар тааныштырылат.

Пикир

Оставить комментарий