• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусундагы мектептердин биринде 200дөн ашык көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Чүй облусундагы мектептердин биринде 200дөн ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен апрелдин үчүнчү ишембиси өлкөнүн бардык аймактарында "улуттук тазалык күнү" деп жарыяланып, быйыл бул күн 20-апрелге туш келген.

"Улуттук тазалык күнүн" өткөрүүнүн алкагында Новопокровка айылындагы Баранов атындагы башталгыч мектебинин имаратынын жанына 154 карагай жана 100 кайың көчөттөрү отургузулду.

Бул мектеп жакында ачылган жана 1-класстан 4-класска чейин 250 окуучу билим алат. Бирок мектептин аймагы али жашылдандырыла элек. Ошондуктан, жалпы аракет менен бул жерде кичинекей аллея түзүү чечими кабыл алынган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Эрмекбай Омашевдин айтымында, жергиликтүү айылдарда КР президентинин "Жашыл Мурас" программасы активдүү ишке ашырылууда.

Быйыл районго 60 миң көчөт отургузуу пландалууда, бул үчүн жергиликтүү бийликтин гана эмес, жалпы коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү зарыл. Бул аракеттердин баары райондун экологиясын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий