• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында "Ромео жана Жульетта" спектакли аншлаг менен өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар театрынын артисттери тарабынан Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" музыкалык -хореографиялык спектакли коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Спектаклдин бет ачарына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, чыгармачылык топту куттуктап сөз сүйлөдү.

Ошондой эле спектаклди койгон режиссёрго жана башкы ролдорду жараткан актёрлорго Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган спектаклдын премьерасы Бишкекте өтүп, ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова катышкан.

Пикир

Оставить комментарий