• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык тажрыйба” номинациясын алды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму башталды. Ага дүйнөдөгү 150гө жакын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ишканааларынын өкүлдөрү катышып, Ошондой эле, алардын катарын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган делегация да толуктайт.

Эл аралык форумда Ош шаарынын мэриясы коммуналдык чарба кызматтары, информациялык технологиялар, улуттар аралык мамилелер, социалдык саясат жөнүндө сөз кылмакчы. Алар:

- Ош шааарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иш аракеттер;

- Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган түнкү жарыктандыруу;

- Шаардыктардын көйгөлөрүн онлайн режиминде чечүү;

- Муниципалдык – жеке өнөктөштөр долбоорлору; - Улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана көзөмөлдөө боюнча комплекстүү чаралар;

- Жаштардын коомдогу орду, долбоорлорду ишке ашыруу багыты, баалуулуктарды барктоо, патриоттууулук боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор боюнча тажырыйбалар менен бөлүшүү;
Форумдун эң негизги милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин чечүүдө шаарлардын ийгиликтүү башкаруу тажырыйбалары менен бөлүшүү, ошондой эле, шаарлардын муниципалитет жана Эл аралык деңгээлде оң позициялары болуп саналат.

“Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумуна КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Россия шаарларынын союзунун президенти Станислав Мошаров жана бир нече мамлекеттен келген өкүлдөр катышууда.

Форумдун алкагында Ош шаары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө алгылыктуу иш аракети үчүн “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды. Ал Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге тапшырылды.

Белгилей кетсек, мыкты муниципалдык практика форум алгач 2013-жылы Пенза шаарында өткөн жана Эл аралык статусун 2016-жылы алган. Эскерте кетсек , “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму эртен да уланат.

Пикир

Оставить комментарий