• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Назаров көчөсү кеңейтилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо иши башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн эски асфальты алынып, жаңы асфальт төшөөгө даярдоо иши жүрүп жатат. Аталган көчөнүн узундугу 500 метрди түзөт. Жолдун учурдагы унаалар жүрүүчү негизги бөлүгү 8 метр болсо, алдыда 19 метрге кеңейтилип, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, жолдун бир тарабына веложолу менен кеңдиги 3,5 метрди түзгөн тротуар, экинчи тарабына кеңдиги 2 метрди түзгөн тротуар курулат. Ошондой эле темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт.

Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары, шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Пикир

Оставить комментарий