• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда “Чач” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-июлунда аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК кармалган М.Э.М.дин кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

Пикир

Оставить комментарий