• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

6-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын обьлусунда +21...+26 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +28...+30 градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий