• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаратылыш газына болгон тарифтер төмөндөдү

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. Республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын январь айына болгон тарифи – 1 м3 үчүн 14,42 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктары менен 1 м3 үчүн 17,67 сомду, сатуудан алынган салыкты1 эске албаганда 1 м3 үчүн 17,52 сомду түздү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-январына карата расмий доллардын курсу 68,83 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын №68, 69 “Калк үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө”, “Өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө” буйруктарына ылайык, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы ар бир айдын биринчи числосуна карата КРнын Улуттук банкы тарабынан бекитилген расмий сом/доллар курсуна жараша тарифтерди кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий