• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жол тыгындары. Кайгуул кызматынан тыгын жаралса кайда кайрылуу керектигин айтышты

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев бүгүн Бишкекте өткөн брифингде маалымат берди.

Ал белгилегендей, жол тыгыны жаралган учурда жарандар нөөмөт бөлүмүнө чалып, социалдык тармактарга сүрөт, видео жөнөтсө, кызматкерлер дароо жооп берет.

Кубанычбек Осмоналиев кошумчалагандай, саат 8:00дөн 10:00гө чейин жана саат 18:00дөн 20:00гө чейин кайгуул кызматкерлери жол тыгындарын болтурбоо максатында жолдорду жөнгө салат.

Бирок, шаардыктар жол кыймылын жөнгө салган кызматкер кортеж өткөндөн кийин дароо кетип калып, жолдогу тыгындар болуп эле жаткандыгын айтып, бир нече жолу нааразычылыктарын билдиришкен.

“Мындай жагдайларды көзөмөлдөп жатабыз, кызматкер жайгаштырылган жерден кетпеши керек, ал жөнгө салууну аягына чейин жүргүзүшү керек. Эгерде ал кетип калган болсо, ага карата тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий