• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскадан кулаган альпинисттин сөөгү Бишкекке жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. 2018-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча коругундагы “Свободная Корея” аскасынан 1975-жылы туулган альпинист Сайкаускас Салиюс (Литва Республикасынын жараны) кулап кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 1 куткаруучусу 17-февраль күнү саат 16:30да Рацек альпинистер үйүнө жетип түнөп калышкан.

18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денеси табылып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да жетип, түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 11:00дө КР КК ГШ тик учагы куткаруучуларды жана маркумдун денесин алып саат 11:20да Бишкек шаарына келип конуп, куткаруучулар маркумдун денесин жеке менчик “Черный Лотос” каада агенттигине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий