• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өспүрүмдөр көбүнчө уюлдук телефондорду уурдашат – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Өспүрүмдөр көбүнчө уюлдук телефондорду уурдашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөө боюнча инпекциясынын бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдырахманов кабарлады.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн саны 2 млн. 312 миң 355ти же калктын санынын 37%ын түзөт.

“ИИМдин статистикасы боюнча, акыркы 4 жылда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда. Бирок бул көрсөткүч кылмыштуулуктун санынын өскөндүгүн эмес, тескерисинче укук коргоо органдары тарабынан кылмыштардын бетин ачуу жогорулагандыгын билдирет. Анткени акыркы эки жылда милиция органында кызматкерлердин саны өскөн”, - деп ишендирди ал.

Абдырахманов кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч дагы өсөт, анткени кылмыштар андан да көп ачылат.

“Ошол себептен өспүрүмдөр арасында кылмыш көп жасала баштады деп тынчсыздануунун кереги жок, анткени бул сандар негизделген. Өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында байкалууда. Көп учурда бул бири-биринен уурдагандар. Алардын 80% уюлдук телефондорду уурдоо түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий