• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков Пекинде ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайга болгон расмий иш сапарынын алкагында Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алкагында тараптар жакында Бишкекте өтө турган ШКУ иш-чарасына даярдыктар тууралуу кеп кылышкан.

Андан тышкары Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган ШКУнун алкагында өз-ара аракеттешүү маселелери да каралган.

ШКУнун алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алмашуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий