• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Азия Кубогу: Оюндардын толук жүгүртмөсү жана плей-офф баскычынын схемасы

Спорт 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Туура эки күндөн кийин, тактап айтканда, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу старт алат.

Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле 3-орунду ээлегендердин ичинен 4 мыкты команда чыгат. Плей-офф баскычында командалар жогоруда көрсөтүлгөн схемага ылайык ойношот.

10-февралда Кубок үчүн финалдык – чечүүчү беттеши орун алат.

Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, Таиланд, Сауд Аравия, Оман курамалары менен кез келет.

Белгилей кетсек, жүгүртмөдө жергиликтүү убакыт көрсөтүлгөн.

Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катардын 9 стадионунда өтөт.

Азия Кубогунда ойной турган "Ак шумкалардын" тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий