• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жол курууда мамлекетке келтирилген 7 млн сом зыяндын орду толтурулду

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Жол курууда мамлекетке келтирилген 7 млн сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталган.

Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилип, учурда анын орду толук толтурулду.

Муну менен катар Талас облусунун аймагындагы автожолдун курулушуна багытталган бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 0312-66-04-75 телефон аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий