• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК комитети айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда колдоду.

Демилгечи - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзамынын долбоору менен Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов, Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек, Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал, Ноокат районун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Андан тышкары, жыйында “Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий