• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Керезбеков менен Венеция комиссиясынын өкүлү шайлоо мыйзамдары тууралуу пикир алмашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков Укук аркылуу демократия үчүн европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) өкүлү Сергей Кузнецовду кабыл алып, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, саясий партиялардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу, өлкөдө админстаривдик-аймактык реформаны жүргүзүү жаатында пикир алышты.

Тармактык комитеттин башчысы саясий партиялар жөнүндө мыйзамга кайрылып, мыйзам актысы Кыргызстан эгемендикке ээ болгон мезгилге тушташ кабыл алынганын, ошондуктан ал азыркы замандын талаптарына ылайык өзгөртүүгө муктаж экенин белгиледи.

«Жогорку Кеӊеште парламенттик фракциялардын иштөө механизмдери жөнгө салынды, бирок саясий партиялардын өзүнө байланыштуу маселелер кала берди. Биз аны мыйзам аркылуу жөнгө салууга тийишпиз», - деди Канат Керезбеков.

Ал эми Венеция комиссиясынын өкүлү Сергей Кузнецов жолугушуу жүрүшүндө талкууланган маселелер боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

«Венеция комиссиясы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, саясий партиялардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу жаатындагы иш-чараларга жигердүү катышып келет. Бул багытта биргелешип иштешүүгө даярбыз. Бирок, комиссиянын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча берген корутундулары сунуштама мүнөзүндө гана болот», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий