• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комитет Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке Таалайбек Алыбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Элдик Курултай тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Таалайбек Алыбаевдин талапкерлиги каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев маалымдагандай, Таалайбек Алыбаев Элдик курултай тарабынан шайланып, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Таалайбек Алыбаевдин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, судьяларды тандоодо алардын ак ниеттүүлүгүнө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Ал эми эл өкүлү Дастанбек Жумабеков Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин иши жоопкерчиликтүү экенин айтып, бул жаатта Элдик Курултайдын делегаттарынын ишенимин актоо керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий