• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УАМ согушта курман болгондордун сөөгү коюлган жерлер тууралуу компьютердик маалымат банкы түзүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болгон аскер кызматчыларынын сөөктөрүн коюлган жерден Кыргызстандын аймагына кайра коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

72 жыл мурда аяктаган Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун бир тобунун сөөгү кайда коюлганы белгисиз болуп калган. Ошондой дайын-дареги белгисиздердин эсеби 56 миңден ашат, - дешет издөө иштерин жүргүзгөн ыктыярдуу отряддардын өкүлдөрү. Алардын айтымында, ошол белгисиз жоокерлердин айрымдарынын сөөгү Европа мамлекеттеринен дагы табылууда. Бирок, алардын жакындары алыскы болобу, же жакынкы болобу чет мамлекеттерге барып, ошол апаат жылдарында курман болгон жакындарына топурак салууга каржылык жактан кудуретсиз.

Ошондон улам, алыскы аймактарда жерге берилген мекендештерибиздин сөөгүн жергебизге алып келүүдө тийиштүү бийлик бутактарына тапшырма берүү талабы жаралды.

Жок дегенде, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасындагы маалыматтарды жыйнап, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун сөөгү коюлган жерлер, дайынсыз жоголгондордун дареги тууралуу республикалык компьютердик маалымат банкын түзүү зарылчылыктары айтылууда.

Талкууда депутат Рыскелди Момбеков,- “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун катарында Мендеш Өмүралиев аттуу баатырыбыздын сөөгү өзү туулуп өскөн Бакай-Ата районуна кайра коюлган. Ошол сөөктү алып келе жатканда “Манас” эл аралык аэропортунан атайын ардактуу караул менен тосуп алышкан. Себеби, сөөктү орус генералдары коштоп келген болчу. Мендеш Өмүралиевдин эрдиги эске алынып, ага көзү өткөндөн кийин орус тарабы “За отвагу” медалын берген. Ал эми Кыргыз Өкмөтү куран окутуп койгонго да жараган жок”,- деп нааразычылыгын билдирди.

Жыйын соңунда “Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болгон аскер кызматчыларынын сөөктөрүн коюлган жерден Кыргызстандын аймагына кайра коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтом долбоору комитеттин жактыруусуна ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий