• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеӊеште Панфилов районундагы билим берүү тармагынын абалы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Алыбаевдин демилгеси менен Чүй облусунун Панфилов районундагы мектеп директорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда жалпы билим берүү тармагындагы бир катар көйгөйлөр ортого салынды. Анда Панфилов районундагы билим берүүнүн абалы, мектеп жана бала бакчалардын курулушу, химиялык жана физикалык лабораторияларга зарыл болгон жабдууларды сатып алуу, компьютерлер, окуу китептери менен толук камсыз кылуу жана мектептердеги жетишсиз болуп жаткан кадр маселесин чечүү боюнча суроолор ортого чыкты.

Иш-чарага катышып отурган КР билим беүү жана илим министринин орун басары Надира Сынташова жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча маалымат берип, алардын чечилиши боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерди тизмектеди.

Депутат О.Алыбаев дагы мектеп директорлору тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана жалпы элдин кайрылууларын Өкмөткө жеткирип, алардын чечилишине көзөмөл кылып иш алып барарын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий