• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Табигый кырсыктардан сактануу максатында окуулар уюштурулууда

Коом 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдардан сактануу жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча Баткен менен Талас облусунун тургундары окутуулуда. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы Баткен шаарында, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаны-Жер айылында, Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылында потенциалдуу коркунучтагы аймакта жашаган жергиликтүү элди өзгөчө кырдаалдардан сактануу эрежелери боюнча атайын сабактар өткөрүлдү.

Жеринде барып айтайын уюштурулган окутуулар Талас облусунун Талас районундагы Уч-эмчек, Арал, Сасык-Булак айылдарды жана Баткен районунун Катран айыл аймагындагы Баул айылында да өтөт.

Бул окуулар потенциалдуу коркунучу бар айылдарда жашаган калк өзгөчө кырдаалдардан сактануунун жолдорун билип алуу менен, бүгүнкү күндө көп катталуучу жер көчкү менен селден сакталуучу жүрүм-турум эрежелери өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий