• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казынага түшкөн бажы төлөмдөрү өсүүдө - Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун жыйынтыгы

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун натыйжасында казынага түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнүн өсүүсү байкалат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн – 20,8 млрд. сом түшсө, 2016-жылы 29,3 млрд.сомду түзгөн. Бул жылдарда өсүү темпи 141%ды түзгөн.

Былтыркы жылы казынага 34,2 млрд. сом киреше түшкөн болсо, 2016-жыл менен салыштырмалуу төлөмдөр 5 млрд. сомго же 117%га өскөн. Акыркы эки жылда жыл сайын бажы төлөмдөрүнүн орточо эсеп менен 6,5 млрд. сомго өсүүсү байкалат.

Бул жылы бажы төлөмдөрүнүн болжолу 43,5 млрд. сом суммасында бекитилген.

Белгилеп кетчү нерсе, былтыркы жылдын он айы менен салыштырганда төлөмдөр 6 млрд. 531,2 млн. сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 123,5%ды түзгөн.

Бажы кызматы тарабынан түздөн-түз өлкө бюджетине чогултулган төлөмдөр 20,9 млрд. сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий