• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Шакиев “Манас-Ордо” комплексине барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында “Манас-Ордо” комплексине зыярат кылып, алгач 1976-жылы менен адабий-этнографиялык музей катары уюштурулган жайдын азыркы абалы менен таанышты.

Кошумчалай кетсек, 1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдык маарекесинен кийин “Манас Ордо” комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага “улуттук” деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган.

Төрага Нурланбек Шакиев “Манас” жөн гана эпикалык чыгарма эмес экенин белгиледи.

“Манас - кыргыз улутунун кылымдарды карыткан тарыхынын энциклопедиясы. Себеби, дастанда баатырдын гана басып өткөн жолу чагылдырылбастан, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү, баалуулуктары, кайгысы менен кубанычы, көздөгөн максаты жана келечекке болгон мүдөөсү камтылган. Андыктан “Манас” эпосун мамлекетибиздин негизги идеологиясы катары карап, эгемен Кыргызстаныбызды өнүктүрүүнүн башкы жол картасы катары пайдаланышыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле төрага мамлекеттин казынасын арттырууда туризм тармагынын салымы чоң экенин айтты.

“Бирок биз туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана албай келебиз. Жараткан тартуулаган жаратылышы кооз жерлерибизге эле эмес, ушундай тарыхый жайларыбызга да чет элдик конокторду чакырсак, аймактардын өнүгүшүнө да өбөлгө түзүлмөк. Бирок, бул үчүн тарыхый-маданий жайлардын абалын жакшыртышыбыз керек”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, төрага Нурланбек Шакиев коштоп барган депутаттар менен бирге “Манас-Ордо” Кыргыз Улуттук комплексинин аймагына арчанын көчөттөрүн олтургузду.

Пикир

Оставить комментарий