• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен жана Талас облусундагы 150 миңге жакын киши таза суу менен камсыз болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорду экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы "Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу" долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас облусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий