• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы 5-6-класстын окуучуларына онлайн сабактар өтүлөт

Билим 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги ЮНЕСКО жана Социалдык интеграциялоо борбору менен биргеликте “Окуучулардын дисциплина аралык компетенциясын түзүү үчүн санариптик-методикалык ыкмалар” долбоорунун алкагында 5-6-класстар үчүн онлайн окуу материалдарын даярдады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу материалдары - география, биология, табият тануу, тарых жана тилдер (кыргыз, орус, англис) боюнча предметтерди камтыйт. Ал атайын онлайн платформага жүктөлөт жана аны каалаган мугалим колдоно алат.

Окуу материалдары заманбап глобалдуу көйгөйлөргө токтолот. Толеранттуулук, миграция, демография, дискриминация. Мындан сырткары ден-соолук, экология, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маселелерди көтөрөт. Бардык модулдардын эң башкы темасы гендердик теңдик жана маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча сабаттуулукту жогорулатуу.

Даярдалган онлайн окутуу куралдары өткөн аптада уюштурулган семинарда тааныштырылды. Тиешелүү адистер тарабынан онлайн окутуу материалдарын толуктоо жана педагогдорду үйрөтүү үчүн сунуштар берилди.

Январ айында долбоордун алкагындагы пилоттук мектептердин мугалимдерин окутуу уюштурулат. Педагогдор дин, жакырчылык темасында окуучулар менен кантип сүйлөшүү керектигин да үйрөнүшөт. Андан кийин мугалимдер окуу материалдарын апробациядан өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий