• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын театрына жана киносуна чоң салым кошкон – Марат Алышпаевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 05.03.22./Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2022-жылдын 4-апрелинде 75 жаш курагында оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Усенович Алышпаев дүйнөдөн кайтты.

Марат Усенович Алышпаев 1947-жылдын 17-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы мектепти аяктаган, 1965-1967-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенти болгон, 1967-1972-жылдары А.В. Луначарский атындагы театралдык институттун актердук факультетинде окуган.

1972-жылы окуусун аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, жаңы эле түптөлгөн, И. Рыскулов жетектеген Ош драма театрынын актеру болгон. 1978-жылы театрдын Москвага болгон гастролдорунан кийин М.У. Алышпаевге Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылат. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын актеру болот.

1991-1997-жылдары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын көркөм жетекчиси жана директору, ал эми
1997-1999-жылдары ушул эле театрдын актеру болуп эмгектенген. 1991-2003-жылдары Бишкек шаардык театрынын койгон оюндарына катышкан, 2000-жылдардын башында Жаш көрүүчүлөр театрында ойногон.

2003-жылдын октябрында К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драмалык театрынын көркөм жетекчиси жана директору болуп дайындалган. 2008-2009-жылдардагы сезондо
М.У. Алышпаев жетектеген театр чыгармачылык, ошондой эле финансылык жагынан да бааланып, Мамлекеттик маданият агенттиги тарабынан өлкөдөгү эң ийгиликтүү жамааттардын бири катары таанылган.

2010-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, ошол эле жылдын июнунда
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалган. 2014-жылдын 1-августунан тартып аталган театрдын актеру болуп эмгектенген.

Театрдагы карьерасында классикалык (Софоклдын “Эдипте”, “Ричард III”, “Гамлет” (Кыргызстанда алгач ирет коюлган), “Король Лир” Глосстердин башкы ролдорун, Н. Гоголдун “Ревизор”,
М. Горькийдин “На дне” спектаклдериндеги ролдор), ошондой эле заманбап репертуарларда (Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча “Ак кеме”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “ Кылым карытар бир күн”, “Деңиз бойлой жорткон ала-дөбөт”, “Чыңгызхандын ак булуту”, С. Раевдин “И. Раззаков” Раззаковдун, К. Сактановдун жана Т. Касымбековдун “Курманжан датка” Алымбек датканын, Ф. Дюрреманттын “Визит старой дамы” Альфред Иллдин ж.б.) көптөгөн ролдорду аткарган.

Театрдагы ишинен сырткары киного да, анын ичинде
Г. Базаровдун фильмдерине (“Приют для совершеннолетних”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Нонсенс” ж.б.) активдүү тартылган. 2016-жылы Монреаль кинофестивалында эң мыкты дебюттук фильм үчүн “Алтын Зенит” сыйлыгын утуп алган “Аталар керээзи” фильминде (режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) башкы ролдордун бирин жараткан. 2021-жылы “Акыркы көч” фильминде башкы ролдо тартылган.

Кыргызстандын маданиятына, театрына жана киносуна чоң салым кошкон Марат Алышпаевдин элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов А.У. Жапаров, З.К. Базарбаев, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.К. Эргешов, А. К. Жаманкулов, С.А. Раев, С.А. Аманова, М.А. Бектеналиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев, Ж.О. Кулмамбетов, А. Дайырбеков, А. Абдыкалыков, Н. Мамбетова, Г. Каниметова, М. Далбаева, Э. Бекболиев, З. Сооронбаев, А. Осмонов, Т. Бообекова, Ж. Сыдыгалиева, К. Сейдалиева, Ш. Алсейитова, А. Анаркулова, Ж. Жумалиева, С. Мырзалиева, Ч. Думанаев, К. А. Осмонов, Г. Садыбакасова, Д. Баратбаева, Б. Куланбаев, М. Мамазаирова, Ж. Өзүбекова, Т.К. Сманбеков, А. А. Өзүбеков ж.б.

Пикир

Оставить комментарий