• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 8-апрелинде эртең мененки саат 8де Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165 см, арыкчырай, чачы кызгылт-күрөң түстө.

Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү күрмө, джинсы шым, кара түстөгү бут кийим, кара түстөгү рюкзак асынган.

«Албина Бапиеванын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(553) 102-189, 0(500) 09-99-00, 0(312) 54-41-84 жана 102” , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий