• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун жактоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. 19-июлда Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдардын жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 1995-жылы туулган М.Д.М. 2015-жылы Кыргызстандан чыгып, Сирия Араб Республикасына эл аралык террористтик уюмдардын тарабында куралдуу кагылышууларга катышууга аракет кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин негизинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандын жашаган жеринен жана жеке унаасын тинтүү учурунда 1 даана белгисиз автоматтык курал (АК-74 түрүндө), 30 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, ошондой эле 34 даана диний адабияттар (китеп-брошюралар) табылып алынды.

М.Д.М. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий