• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сыргабаев күрөш боюнча Өзбекстанда өткөн мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев "белбоо күрөш" федерациясынын Кыргызстандагы президенти Чынгыз Аканов жана Өзбекстандын Хива шаарында өткөн "Этно спорт" фестивалынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүтөн билдиришкендей, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан 10-сентябрга чейин өтүп, отуздан ашуун мамлекеттин спортчулары күч сынашкан. Кыргызстандын курама командасынан барган төрт спортчунун үчөө алдыңкы орунду камсыздаган. Алардан, 75 кг салмакта Казбек уулу Ирлан 2-орун, 82 кг салмакта 3-орунду Элдияр Сексенбаев, 100 кг салмакта 3-орунду Топчубек Алымжан уулу камсыздаган.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл балбандарды Жалал-Абад облусунда улуттук спортту жайылтууга жана өнүгүүсүнө кошкон салымдарын белгиледи. Мындан ары да талбай аракеттенүүгө чакырып, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Спортчулар Жалал-Абад шаарындагы "Исхак Раззаков" атындагы олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгып келет.

Пикир

Оставить комментарий