• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүралиев түркиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 31-январында Анкара шаарында Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин, Евразиялык экономикалык байланыштар Ассоциациясынын («EkoAvrasya») жетекчилигинин жана ишкерлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика, транспорт, соода, туризм жана башка тармактардагы түрк ишкерлери катышты.

Элчи Өмүралиев презентация жасап, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана бизнес жүргүзүү үчүн, анын ичинде энергетика, айыл чарба, туризм, транспорт, жер казынасын пайдалануу ж.б. тармактардагы шарттар боюнча маалымдады.

Элчи либералдык мыйзамдарды, капиталдын эркин кыймылын, бизнести жүргүзүү үчүн төмөн салыктарды жана чыгымдарды, ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны сатуу үчүн базарлар бар экенин, анын алкагында ЕАЭБдин, ВСП+ жана ВСП программалары боюнча Европа Биримдигинин жана АКШнын базарларын белгиледи.

Презентациядан кийин Кубанычбек Өмүралиев ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Инвестицияларды тартуу жана жаңы өндүрүштүк аянтчаларды ачуу максатында, «EkoAvrasya» менен 2022-жылдын жаз айларында аталган Ассоциациянын ишкерлер делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий