• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Бизнес жана экономикага кандай жардам берилип жатат? Асрандиевдин жообу

Экономика 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү бизнес жана экономикага кандай жардам берилип жатканына токтолду.

Анын айтымында, бизнес жана экономикага жардам берүү максатында өзгөчө антикризистик план иштелип жатат.

“Антикризистик план иштелип жатканда бизнес чөйрөсүнөн бизге келип түшкөн сунуштар эске алынган жана көз карандысыз адистер да чакырылган. Маалым болгондой, Улуттук банк тарабынан насыялар алынбасын деген чечим кабыл алынган. Ошондой эле коммерциялык банктарга насыялар жана анын пайыздарын эң аз дегенде 3 айга узартуу боюнча сунуш берилген. Планда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн узартуу, салык отчетторун узартуусу каралууда”, - дейт ал.

Асрандиев белгилегендей, учурда керексиз чыгашалар кыскартылган. Унаа, кыймылсыз мүлк сатып алуу чыгашалары токтотулган. “Саламаттык сактоо, билим берүү тармагы жана пенсиялар өз учурунда төлөнөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий