• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Миландын” экс-футболчусу Жордж Веа Либериянын президенти болду

Спорт 0


Бишкек, 13.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бир катар европалык клубдардын экс-футболчусу жана 1995-жылы “Алтын топтун” ээси Жорджо Веа Либерия Рспубликасынын президенти болуп шайланды.

Eurosport.ru маалымдагандай, “Миландын” жана “Челсинин” мурдагы оюнчусу 12-октябрда өлкөнүн вице-президенти Жозефа Бокайды утуп чыккан.

Жорджо Веа 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын оюнчусу, Европанын мыкты футболисти – “Алтын топ” жана жылдын мыкты африка футболчусу аталган.

Веа карьерасы аяктагандан кийин гуманитардык жана саясий ишмердик менен алектене баштап, 2005-жылы Либерия президенттигине талапкер катары ат салышкан.

Биринчи турда 28% добуш менен жеңип, экинчи турда Африканын тарыхындагы биринчи аял-президент болуп калган 67 жаштагы Элен Жонсон-Серлифтен утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий