• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчулар Испаниядагы эл аралык мелдешке катышат. Кураманын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Boxam эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Биринчилик Испаниянын Ланусия шаарында 29-январдан 4-февралга чейинки аралыкта өтөт.

Кураманын тизмеси:
— Нуржигит Дүйшебаев (52 кг);
— Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг);
— Мирзахид Имамназаров , Алмаз Орозбеков (63,3 кг);
— Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг);
— Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу (80 кг);
— Өмүрбек Бекжигит уулу (86 кг);
— Бакыт Токтосун уулу (+92 кг).

Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий