• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балбан Улукбек Жолдошбеков Казакстанда өткөн мелдеште “коло” медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 27.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Казакстанда өткөн мелдешде “коло” медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26нан 27-ноябрь күндөрү Таразда коомдук ишмер Динмухамед Кунаевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча турнир өткөрүлгөн.

Турнирде Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия жана Грузиядан келген спортчулар катышкан.

Улукбек Жолдошбеков 57 кг чейинки салмактык категория боюнча беттешке чыгып, коло медаль утуп, 1 миң доллар алган.

Турнирдин байге фонду:

1-орун: 5 миң АКШ доллары,
2-орун: 3 миң АКШ жоллары,
3-орун (эки балбан) 1 миң АКШ доллары.
Жеңүүчүнүн машыктыруучусуна – 1 миң доллар.

Пикир

Оставить комментарий