• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулук районунда вакциналарды сактоочу атайын муздак бөлмө ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу атайын муздак бөлмө ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло катышты.

Бүбүжан Арыкбаева өз сөзүндө, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсонго жана ЮНИСЕФ өкүлүнө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, министрлик Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттык сактоо боюнча приоритеттүү программалардын бири катары аныктайт. Бул эмдөө программасына болгон саясий колдоонун күчөтүлүшү менен, бул жаатта өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти.

«Канада Кыргызстандын вакциналарды сактоо жана жайылтуу, аны менен бирге коомдук саламаттык сактоо чакырыктарына ыкчам жооп берүү потенциалын жогорулатууга багытталган бул долбоорго демөөрчүлүк кылганы менен сыймыктанат. Ишенимдүү муздак сактоо вакциналарга болгон ишенимди арттырып, эмдөө программаларына көбүрөөк катышууга үндөп, ден соолукту чыңдайт”, - деп белгиледи Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон.

«Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда жаш балдарды коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо. Вакциналарды сактоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү бул иштин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло.

Белгилей кетсек, вакциналарды сактоочу бөлмө Канада өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 млн сомдон ашат.

Көлөмдөрү 10 м3 (5) жана 30 м3 (6) болгон бөлмөлөр вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул көлөмдөр аталган облустардын жана райондордун күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.

Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын көпчүлүгүн туура жана коопсуз сактоого ылайык болгон температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алгандыктан, жогорку стандарттарга шайкеш келет.

Муздак сактоочу бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 2024-жылдын март айына чейин орнотулат. Бул аймактар алардын муктаждыктарына жараша Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылып, тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий