• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан-Оман беттеши. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 25-январда Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы үчүнчү беттеши.

Оюн Доха шаарындагы Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Кыргыз футбол союзунан Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштуруларын билдиришти. "Ак шумкарлардын" оюнун чоң экрандан көрүп, сүрөйм дегендер "Азия Молл" соода борборунун 3-кабатына келишсе болот.

Беттешке бир саат калганда атайын оюн-зоок программасы өтүп, күйөрмандар арасында белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий