• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын курамасы тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Азия чемпионатында ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянманын курамасын жеңди. Азия – 2019 Кубогуна тандоонун алкагында оюн Түштүк Кореядагы “Инчхон” стадионунда өттү.

Бул жеңиш кыргыз курамасына футбол боюнча Азия чемпионунун финалына чыгууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстан Мьянманын курамасын 5:1 эсебинде уткан. Ислам Шамшиев оюндун 2-мүнөтүндө эсепти ачкан. Антон Землянухин 5чи жана 36-мүнөттөрдө гол киргизген. Виталий Люкс 74-мүнөттө атаандаштын дарбазасына дагы бир гол киргизген. Ал эми 87-мүнөттө бешинчити топту Бекжан Сагынбаев киргизди.

Эми КРдин курамасы тайпалык этаптагы акыркы оюнда Индиянын курамасы менен беттешет. Ал оюн 27-мартта Бишкекте өтөт.

Кыргызстандын курамасы “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянманын курамалары менен ойнойт. Жалпы эсеп боюнча Индиянын курамасы алдыда.

Эске сала кетсек, КР улуттук курамасы Мьянма менен 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек, бирок аны оюнга бир күн калганда жылдырышкан. Мындай чечим КР өкмөтү тарабынан Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий