• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Парижде өтчү эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы "Гранд-Слэм Париж" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Парижде 2-4-февраль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- 66 кг Кубанычбек Айбек уулу;
- 73 кг Чыңгызхан Сагыналиев;
- 81 кг Асад Масабиров;
- 90 кг Эрлан Шеров.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий